«Бир жолу кесиптешибиздин өлүгүн союуга туура келген» дейт патологоанатом

SUPERTV телеканалынын “Тузу оор кесиптер” долбоорунда бул жолу патологоанатом кесиби менен тааныштырабыз. Каарманыбыз Атыр Абылова 8 жылдан бери Бишкек шаардык өлүкканасында иштейт.

«Бир жолу бизде иштеген санитар баланын өлүгүн союуга туура келген. Коронавирустан кийин каза болгон»,— деди ал.

Ал ошондой эле жакындары табылбай калган өлүктөрдүн эмне болорун айтып берди. «Селсаяктардын сөөктөрү түшөт же туугандары издеп жүргөн сөөктөр түшөт. Андай өлүктөр бар. Биз аларды сойгондон 1 жумадан кийин Октябрь РИИБге кабар беребиз. Издеген туугандары болсо, милиция менен байланышат. Эгер 20 сутканын ичинде эч ким келбесе, мэрия алып кетет да коюшат»,— дейт.