«Бир киши дрон берип кетти». Июлда көлгө чөгүп кеткен Аишаны ата-энеси издөөнү улантууда

18-июль күнү Тору-Айгыр айылында көл жээгинде желденме матраста сууга түшүп жатып сууга чөгүп кеткен 4 жаштагы Аишаны апасы менен атасы издөөнү улантууда. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигинен апасы билдирди.

«Бир киши издегенге деп дрон берип кетти. Ошону менен карап жатабыз. Азыр көл жээкте эч ким жок, суу тартылып, таза болуп түбүнө чейин көрүнүп жатат. Эмнегедир Аиша эле жок. Биз издеп жатабыз. Жок дегенде үстүндө кийип жүргөн күрмөсү табылса да үмүт болмок. Азыр чөөлөр күндүз да келип жатат. Издери түшүп калууда. Азыр бизге эч нерсенин кереги жок. Жолдошум экөөбүз издеп жататбыз», — деди ал.

Ушул жылдын 18-июль күнү Тору-Айгыр айылында 4 жаштагы Аиша сууга чөгүп кеткен. ӨКМ 20 күндөн кийин издөө ишин токтоткон. Ал эми кыздын атасы сөөгү жок жаназа окулганын айткан.