«Бир күндө канча жолу көрүшсөк, ошончо жолу салам айтчу». Чек арада каза болгон жигитти мугалими эскерди

Кыргыз-тажик чек арасындагы атышууда 24 жаштагы чек арачы Жекшенбек уулу Апсаматтын каза болгону маалым болгон. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине маркумду мектепте кыргыз тили сабагынан берген мугалими Айдай Кубанычбекова эскерди.

«Кандай гана өкүнүчтүү. Он гүлүнүн бир гүлү ачыла элек, жаштыктын жалындуу күндөрүнө тоё элек, жубай сүйүп, бала жытынын даамын тата элек, чырпыктан чынар боло элек бир боорубуздан айрылдык. Апсамат Жекшенбек уулу Терек-Суу айылынын кулуну. Анварбек Чортеков атындагы орто мектепти ийгиликтүү аяктаган алдыңкы окуучулардын сап башында турган окуучу эле. Мүнөзү өтө жумшак, элпек, көздөрүнөн от жанып турган патриот жигит болчу. Байкаганым бир күндө канча жолу көрүшсөк, ошончо жолу «саламатсызбы эжеке» деп эпилдеп учурашып, жылмайып гана турар эле. Кыргыз тили жана адабияты сабагынан убактылуу окутуп калдым. Ырларды өз ыргагы менен жаттап, көркөмдөп айтып берчү. «Манас таануу» сынагына катышып, райондук турда алдыңкы орунду багынтып келген элек. Ушундай дилгир, ушундай сыпаа, ушунчалык маданияттуу, тартиптүү окуучу эле. Айткан тапшырманы өз убагында аткарган жоопкерчикти сезе билгендиги ошол кезде эле күчтүү эле. Мектепте президент болду. Окууну аяктагандан кийин өзүнүн максаты, кыялы болгон мекен чегиндеги жоокердик кызматка даярданды. Эң мыкты деген жерлерде өз кызматын өтөдү. Кандай гана сыймыктануу менен «биздин сүйүктүү окуучубуз азамат!» деп анын ар бир ийгилигин кубануу менен кабыл алар элек. Алтындай болгон окуучубуз кырчындай кезинде кыйрап, жадырай турган мезгилинде жайрап калганы өзөктү өрттөп жатат», — дейт көзүнө жаш алган эжейи.