Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча 3 миллион 619 миң 292 шайлоочудан саат 14:00гө карата 593 миң 315 шайлоочу добуш берди. Бул 16,39 пайызды түзөт. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, Көк-Жар шайлоо округу шайлоого активдүү катышып жатса (21,47%), эң төмөнкү көрсөткүч Аламүдүн шайлоо округунда катталган — 11,56%.