Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча саат 18:00гө карата 28,66 пайыз шайлоочу добуш берди

Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча 3 миллион 619 миң 292 шайлоочудан саат 18:00гө карата 1 миллион 37 миң 373 шайлоочу добуш берди. Бул 28,66 пайызды түзөт. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, Көк-Жар шайлоо округу шайлоого активдүү катышып жатса (35,8%), эң төмөнкү көрсөткүч Аламүдүн шайлоо округунда катталган — 21,56%.