Кыргызстанда кечээ, 27-ноябрда бирдиктүү шайлоо округу боюнча 12 миң 137 адам добуш берди. Бул тууралуу БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова бүгүн маалымат жыйында билдирди.
Жалпысынан мөөнөтүнөн мурда добуш берүүгө 13 миң 481 арыз түшкөн. Бир мандаттуу округдар боюнча 13 миң 2 шайлоочу жайдан тышкары добуш берүү үчүн арыз берсе, 11 миң 616 адам өз тандоосун жасады.
Бүгүн Кыргызстанда Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышынын депутаттарын шайлоо жүрүп жатат. Өлкөдө шайлоо системасы өзгөртүлгөндүктөн, 120 эмес, 90 депутат шайланат.