Бирдиктүү шайлоо округу боюнча 3 миллион 703 миң 420 шайлоочудан саат 16:00гө карата 829 миң 171 шайлоочу добуш берди. Бул 22,39 пайызды түзөт. Бул тууралуу маалымат жыйында БШКнын мүчөсү билдирди.
Региондор боюнча:
Бишкекте — 21,59%;
Ош шаарында — 24,65%;
Жалал-Абад облусунда — 23,25%;
Ысык-Көл облусунда — 21,71%;
Нарын облусунда — 26,29%;
Ош облусу — 23,71%;
Талас облусунда — 25,11%;
Чүй облусунда — 19,97%;
Баткен облусунда — 23,35%.
Чет өлкөлөрдө добуш берүүчү 84 миң 128 шайлоочудан 4689 шайлоочу добуш берди. Бул 5,57 пайызды түзөт.