Бирдиктүү шайлоо округу боюнча саат 18:00гө карата 28,36 пайыз шайлоочу добуш берди

Бирдиктүү шайлоо округу боюнча 3 миллион 703 миң 420 шайлоочудан саат 18:00гө карата 1 миллион 50 миң 163 шайлоочу добуш берди. Бул 28,36 пайызды түзөт. Бул тууралуу маалымат жыйында БШКнын мүчөсү билдирди.

Региондор боюнча:

Бишкекте — 27,46%;

Ош шаарында — 31,38%;

Жалал-Абад облусунда — 29,45%;

Ысык-Көл облусунда — 26,89%;

Нарын облусунда — 32,4%;

Ош облусу — 30,64%;

Талас облусунда — 31,8%;

Чүй облусунда — 25,31%;

Баткен облусунда — 29,3%.

Чет өлкөлөрдө добуш берүүчү 84 миң 128 шайлоочудан 6609 шайлоочу добуш берди. Бул 7,86 пайызды түзөт.