Биринчи Май РИИБдин башчысы менен акимдин орун басары Кулиев көчөсүндөгү сойкуканаларга каршы рейд жүргүзүштү. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБден билдиришти.
25-декабрга караган түнү жүргүзүлгөн рейддердин жыйынтыгы менен жагдайды тактоо жана өздүгүн тактоо үчүн РИИБге 13 адам жеткирилген. Рейддик иш-чаралар борбордун башка райондорунда да жүргүзүлүүдө.