«Бирөөнүн абалы оор». Кыргыз-тажик чек арасындагы атышууда 2 Кыргыз чек арачы жаракат алганы маалым болду

Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышууда 2 чек арачы жаракат алды. Бул  тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, жаракат алгандарды Тез жардам бригадасы Баткен облустук ооруканасына жеткиришет. «Бирөөсүнүн абалы оор, экинчисиники орто оордукта. Жеринде 2 бригада иштеп жатат», — дешти министрликтен.

Буга чейин УКМКнын Чек ара кызматы бир чек арачы жаракат алганын билдиришкен.