Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы борбор калаанын мэрлигине талапкерлерди каттоо үчүн документтерди кабыл ала баштады. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, мыйзамга ылайык, мэрликке талапкерлерди көрсөтүү укугу Бишкек шаардык кеңешинин фракцияларына, фракциялар коалицияларына жана министрлер кабинетинин төрагасына таандык.
Каттоо үчүн талапкерди көрсөткөн субъект, 20-августта саат 18:00дөн кечиктирбестен, Бишкек АШКга документтердин пакетин тапшырышы керек. Эске сала кетсек, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерин шайлоо 26-августка белгиленген.











