Фотограф Владислав Ногай Бишкектин четинде тартылган кызгалдактардын сүрөттөрүн бөлүштү. Эгерде бул көрүнүшкө сиз дагы күбө болгуңуз келип, бул көз ирмемди эстеликке тартып алгыңыз келсе, анда Ленин айылынын түндүк-батыш жагына барсаңыз болот. Кызгалдактар талаасына Гроздь айылы жагы менен да барууга мүмкүн.
Кызгалдак – апийимдер тукумундагы өсүмдүк уруусу. Бир жылдык, кирпиктей түктүү чөп. Сабагынын бийиктиги 30-50 сантиметр, жалбырактары кезектешип жайгашкан. Гүлү сабактын учунда бирден жайгашкан. Кыргызстанда жол боюнда, тоо этегиндеги кургак боз дөңдө, айдоодо өсөт. Кооздук үчүн гүлзарларда өстүрсө болот.