Бишкек — Жалал-Абад аба каттамдагы учактар жумасына 9 жолу уча баштады

19-августтан тарта Бишкек — Жалал-Абад — Бишкек багыты боюнча жаңы туруктуу каттамдар ачылды. Бул тууралуу «Манас» аэропортунан билдиришти.

Кошумча авиакаттамдарды «Тез Жет» ата мекендик компаниясы жума жана жекшемби күндөрү аткарып баштады. Мурда Жалал-Абад шаарына каттамдар жумасына 7 жолу аткарылып келген. Азыркы күндө аба каттамдардын саны 9га чейин өстү.