Бишкекте Жаңы жыл майрамында лазердик шоу көрсөтүлдү
31-декабрда борбордук "Ала-Тоо" аянтында майрамдык концерт болуп өттү. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.
Шаардыктарды жана конокторду Жаңы жыл майрамы менен маданият башкармалыгынын солисттери, чыгармачыл жамааттары жана эстрада жылдыздары куттукташты. Жаңы 2024-жылды башкы аянтта Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Куванычбек Конгантиев, мэрдин орун басарлары, райондордун акимдери жана шаардык кызматтардын жетекчилери тосуп алышты.
Иш-чарада борбор калаанын мэри көркөм чыгармачылык сынагына катышкан Чынарбек кызы Назгүлгө 500 миң сомдук сертификат тапшырды. Майрамдын кульминациясы укмуштуудай лазердик шоу болду.
[gallery link="file" columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="221633,221635,221640,221629,221639,221644,221642,221628,221630,221636,221631,221637,221638,221634,221643,221632,221641"]