«Жакынкы бир саат аралыгында жана кечинде Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө батыштан соккон ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен катуу шамал катталышы күтүлөт. Табигый кубулушка кабылган учурда коопсуз жайларда болуп, кырсык катталса же күбөсү болсоңуз, «112» кызматына чалууну унутпаңыз», — дешти.
24-декабрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 24-декабрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы: Чүй облусутүнкүсүн...










