Бишкек шаарында жана Чүй облусунда катуу шамалдын кесепетинен 24 адам ооруканага кайрылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Анын ичинен 4 бейтап ооруканага жаткырылса, калгандары амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү. Бир бейтаптын абалы орточо оор, калгандарынын абалы канааттандырарлык деп бааланууда.
Жабырлануучулар ар кандай жаракаттарды алышкан: кесик, сынык, баш мээнин жаракаттары жана башкалар.