Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев курулуш компанияларынын объектилерин текшерип, атайын техникалардын дөңгөлөктөрүн жуучу жабдууларды орнотуу боюнча көрктөндүрүү эрежелеринин сакталышын карап чыкты. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө Бишкек шаарынын аймагында 457 курулуш иштери жүргүзүлүүдө. Алардын ичинен Айни көчөсү, 82 дарегиндеги «Амир прогресс» ЖЧК курулуш компаниясынын аймагы текшерилди. Объекттин аймагында суунун орунсуз чыгып жатканына байланыштуу, «Бишкек суу канал» муниципалдык ишканасына суу ресурстарын сарамжалсыз пайдалангандыгы үчүн айып салуу тапшырылды. Ошондой эле, аталган аймакта курулуш нормалары сакталган эмес.
Жал-29 кичирайонунда жайгашкан «Эра Констракшн» ЖЧКсы да дөңгөлөктөрдү тазалоо (жуу) пунктун орноткон эмес. «Биз курулуш объектилеринде дөңгөлөк жуугуч жабдууларды текшерүү боюнча 10 күндүк рейд баштайбыз. Айып пулдан тышкары, мыйзам бузуулар жоюлмайынча объектилерди жапканга чейин чараларды көрөбүз», — деди мэр.
Мэр Бишкек шаары боюнча мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөл башкармалыгына бардык объекттерде көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин 2024-жылдын 12-апрелиндеги №100 буйругунун негизинде борбордук муниципалитет, бардык курулуш компаниялар (подряддык уюмдар) Бишкек шаарын көрктөндүрүү эрежелерине ылайык курулуш объектилеринде автотранспорттун дөңгөлөктөрүн тазалоо (жуу) пункттарын орнотууга милдеттүү экенин расмий билдирет.