Президент Садыр Жапаров Сеулдагы мамлекеттик резиденцияга барды
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 16-сентябрда Сеул шаарындагы Чхонвадэ мамлекеттик резиденциясына келди. Мамлекет башчысын жана Кыргыз Республикасынын Биринчи айымын Корея Республикасынын президенти Ли Чжэ Мен жана Корея Республикасынын Биринчи айымы Ким Хе Ген тосуп алышты.
Расмий тосуп алуу жана биргелешип сүрөткө түшүү аземинен кийин Садыр Жапаров Ардактуу коноктор китебине жазуу калтырды, андан соң лидерлер сүйлөшүүлөрдү өткөрүү залына бет алышты.