Депутат Бекешев: "Касымалиев окуу китептеринин базарда сатылып жатканын иликтөөнү УКМКга жана ИИМге тапшырды"
"Бүгүн мектептердеги окуу китептеринин тартыштыгы жана алардын базарларда сатылып жатышы боюнча жыйын өткөрүлдү. Жыйынга агартуу министринин орун басары жана мамлекеттик «Учкун» басмаканасынын башкы директору катышты". Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев соцтармактагы баракчасына жазды.
"Жыйында окуу китептерине QR-код же штрихкод киргизүү боюнча макулдашылды. Анын жардамы менен китеп кайсы буйрутманын негизинде басылганын, кайсы мектепке арналганын жана канча нускага буйрутма берилгенин аныктоого болот. Бул окуу китептеринин кыймылын көзөмөлдөп, алардын сатууга кайдан түшүп жатканын аныктоого мүмкүнчүлүк берет.
Бул маселе кечээ Бюджет боюнча комитеттин жыйынында окуу китептерин басып чыгарууга кошумча 600 миллион сом бөлүү маселеси каралып жатканда көтөрүлгөн. Мектептерде окуу китептери жетишсиз болгонуна карабастан, мамлекеттик «Учкун» басмаканасынан чыккан китептер базарларда эркин сатылып жатканы айтылган.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев да окуу китептери мектептерге жетпей, кандай жол менен соода түйүндөрүндө сатылып жатканын аныктоону УКМКга жана ИИМге тапшырды", - деп жазылат билдирүүдө.