«Тазалыктын» жетекчиси Рамиз Алиев социалдык тармактагы баракчасына видео жарыялады. Ал Бишкек мэри Айбек Жунушалиев экөө таштанды таштоо боюнча шаар кыдырып жүргөн.
Видеодон көргөндөй, араба сүйрөп келген жигит таштандыны таштанды салган контейнерге эмес, жерге төгүп коюп кетип бара жатканын көрүүгө болот. Калаа башчысы менен жетекчи ага барганда, жыйноо «тазалыкчылардын» милдети экенин айтып, ал тургай бирөөгө чалууга да аракет кылган.
Посмотреть эту публикацию в Instagram