Бишкек мэриясы Панфилов сейил багындагы өзгөрүүлөр тууралуу маалымат берди

Бишкектеги Панфилов сейил багындагы тосулган жерге балдар ашканасы курулуп жатат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Объект бардык стандарттарга ылайык курулуп, айланасында көрктөндүрүү иштери да жүргүзүлүүдө. Буга чейин 24 түп ийне жалбырактуу көчөт отургузулуп, жаңы газон себүү пландалууда.

«Бишкек жашыл чарба» муниципалдык ишканасы сүрөтчүлөр галереясынын жанындагы гүлзарлардын жаңы дизайнын иштеп чыкты. Ишкана жаңы долбоордун негизинде Бишкек баатырдын эстелигине карай гүлзарлардан роза гүлдөрүн көчүрдү. Учурда жерди ландшафттык дизайнга даярдоо иштери жүрүп жатат.