Бишкек милициясы: Шаардагы мектептерде бомба коюлганы тууралуу маалыматтар калп

Шаардагы мектептерде бомба коюлганы тууралуу маалыматтар чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Бишкектин шаардык милициясынан маалымдашты.

Буга чейин борбор калаадагы №4 мектеп-гимназиясында жардыруучу зат коюлганы тууралуу маалымат келип түшкөн. Имараттагы окуучулар жана мугалимдер дароо эвакуацияланып, милиция кызматкерлери мектепти курчоого алган. Текшерүүдөн кийин эч кандай жардыруучу зат табылган эмес.