Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолу убактылуу жабылды

Snow avalanche

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолу убактылуу жабылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

«Учурда Нарын районунун Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда болжол менен 302-304-чакырым аралыгында (3 тилкеде) 21 миң метр куб кар көчкү түшкөн. Учурда жол каттамы жабык. Ошондой эле кар көчкү тынымсыз түшүү коркунуучу бар болгондуктан, Нарын облусунун аймагында Өзгөчө кырдаал режими киргизилди», — дешти.