Бишкек-Ош жолунда карды атайын түшүрүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
11-17-март күндөрү Токтогул районуна караштуу Бишкек-Ош унаа жолунда кар көчкү мажбурлап атып түшүрүлөт. Ал учурда унаалардын кыймылы убактылуу токтотулат, бирок каттам толук жабылбайт.
Бүгүн, 12-мартта Бишкек-Ош унаа жолунун 255-чакырымында ӨКМдин ыкчам тобу жана Коргоо министрлигинин артиллериялык эсеби саат 13:00дөн саат 13:30га чейин атайын снаряд атып, натыйжада 5850 метр куб кар көчкү түшкөн, кар көчкү унаа жолго жеткен эмес.