ӨКМ Бишкек-Ош жолундагы Көлбаев атындагы тоннель 15-20 мүнөткө маал-маалы менен жабылып турарын эскертти.
«Малчылар мал-жандыктары менен Суусамыр өрөөнүнө жайлоого чыгып баштады. Алар тоннель аркылуу жылкы, мал айдап өткөн убакта унаалардын бардык түрүнө тоннелдин эки тарабынан убактылуу жол жабылып турат», — дешти министрликтен.











