Бүгүн, 25-августта Бишкек шаардык сотунда мурдагы премьер-министр Темир Сариевдин бөгөт чарасы каралат. Ал соттук отурумга алып келинди.
Темир Сариев УКМК тарабынан кечээ, 3-августта кармалган. Сариевдин экономика министри, ошол эле учурда тиешелүү мамлекеттик комиссиянын төрагасы болуп турган убакта, Кумтөр кенин иштетүүдөн келип чыккан экологиялык зыяндын суммасын бир нече миллиард сомго аз көрсөткөнү, анын натыйжасында мамлекетке чоң зыян келтирилгени маалымдалган.