Түнкү клуб, кафе-ресторан, ашканалар… Бишкекте илдетке чалдыккандар көбөйгөнү үчүн чектөөлөр киргизилет

Бишкек шаарында эпидемиологиялык абал курчуп бара жаткандыктан, бир катар чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу бүгүн, 16-июнда вице-мэр Виктория Мозгачеванын төрагалыгы астында эпидемияга каршы шаардык комиссиянын жыйынында талкуулашты.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, жыйында борбор калаада коронавирус инфекциясынын көбөйүшүн, ошондой эле репродуктивдик индекстин жогорулашын эске алуу менен, 17-июндан тарта комиссия көңүл ачуучу жайлардын (түнкү клубдар, кафе-ресторандар, караоке, барлар, коомдук тамактануу жайлар) иштөө убактысын 23:00дөн 07:00гө чейин чектөө чечими кабыл алынды.

Райондордун башчылары, Бишкек шаарынын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору, Санитардык-экологиялык инспекциясы, Шаардык транспорт башкармалыгы тарабынан туруктуу негизде ишкердик субъектилеринин убактылуу санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди жана эрежелерди сактоо боюнча биргелешкен рейддер өткөрүлүп турмакчы.