Бишкекте кечки эмдөөлөрдүн иши убактылуу токтотулду

Бишкекте коронавирустук инфекцияга каршы алынган вакциналардын биринчи партиясын эмдөө аяктады. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти. Буга байланыштуу саламаттыкты сактоо башкармалыгы 4-июндан баштап кийинки атайын билдирүүгө чейин Ленин районунун Бириккен үй-бүлөлүк медицина борборун, Октябрь райондук БҮМБ №18-ҮМБ, Биринчи май райондук БҮМБ №14-ҮМБ, Свердлов райондук БҮМБ №8-ҮМБ, кечки эмдөө борборлорунун ишин убактылуу токтотту.

Белгилей кетсек, студенттердин шаардык поликлиникасында бир гана кечки эмдөө пункту иштейт, иш графиги 15:00дөн 23:00гө чейин. Бишкек шаарына 24 убактылуу эмдөө пункту жайгаштырылган. Алар 8:00дөн 17:00гө чейин иштешет.

Республикалык иммунопрофилактика борборунун маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө 21 миң 135 адам эмдөөдөн өткөн, анын ичинен 13 миң 41 адам экинчи дозасы менен эмделген. Алардын ичинен: 2858 медицина кызматкерлери, Бишкек шаарындагы мектептеринин 882 мугалими, 1074 бюджеттик кызматкерлер, 385 укук коргоо органдарынын кызматкерлери, 65 жаштан жогору адамдар — 5362, 10 миң 308 — башка категориядагы жарандар, 447 өнөкөт оорулар менен ооруган адамдар. Эмдөө иштери Республикалык иммунопрофилактика борбору жана Бишкек шаарынын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору тарабынан координацияланат.

«Бардык суроолор боюнча “Эмдөө” ишеним телефонуна кайрылыңыздар: 313297, ошондой эле: Борбордук мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун Иммунопрофилактика бөлүмү: 0708 521 710, 54 65 21 жана 54 61 04 номурлары аркылуу кызматта», — деп айтылат маалыматта.