Бишкек шаарынын казысы болуп Шакир Маматов дайындалды

Бишкек шаарынын мусулмандарынын казысы болуп Шакир Маматов дайындалды. Тиешелүү буйрукка Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Замир Ракиев кол койду. Бул тууралуу муфтияттан маалымдашты.
Муфтий Бишкек шаарынын мусулмандарынын жаңы дайындалган казысын казыяттын эмгек жамааты менен тааныштырып, жоопкерчиликтүү ишине ийгилик каалады.