Бишкек шаарынын мэри «коомдук транспортту түн ортосуна чейин иштетсе болот» дейт

Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров муниципалдык коомдук транспорттун ишин саат 00:00гө чейин узартса болорун айтты. Бул тууралуу маалымат жыйында айтылды.

Анын айтымында, коомдук транспорт дотация менен иштейт. «Эгерде ишти түнгө чейин узарта турган болсок, анда кандай болгон күндө да тарифтерди көтөрүүгө же мамлекеттик бюджеттен акча бөлүүгө туура келет. Бул вариантты карап чыгуу жана изилдөө керек. Көптөгөн шаардыктар түнгө чейин иштешет, жаштар да эс алышат. Эгер бюджеттен албай, жол кире акысын көтөрбөй эле маселени чечсек, анда ушундай практиканы киргизебиз», — деди ал.