Бүгүн, 13-майда ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын бөлүмдөрүнүн биринде атайын тергөө амалдары жүргүзүлүп, документтер алынды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
«Учурда тергөө иштери улантылууда, жыйынтыгы менен кошумча маалымат берилет. Бул иш-чаралар ички иштер органдарынын катарын абийирсиз кызматкерлерден тазалоо максатында өткөрүлүүдө»,— деп айтылат маалыматта.