Бишкекке Бакудан Райымбек Матраимов бир туугандары менен кошо жеткирилди

Бүгүн, 26-мартта Бишкекке Бакудан Райымбек Матраимов бир туугандары менен кошо жеткирилди. Айрым маалыматтар боюнча, Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары агасы, экс-депутат Искендер Матраимов жана иниси, «Ош газ» ишканасынын мурдагы директору Тилек Матраимов, дагы бир бир тууганы Исламбек Матраимов кошо алып келинген.

Буга чейин соцтармактарда бир тууган Матраимовдор бүгүн Бакудан Бишкекке алынып келе жатканы айтылган болчу.

«Кактус» сайты Матраимовдордун УКМКга киргизилип жатканы болушу мүмкүн деген видеону жарыялады.

23-мартта УКМКдан издөөдө жүргөн Райымбек Матраимов Азербайжандын борбору Баку шаарында экенин, аны кармоо жана андан ары Кыргызстанга экстрадициялоо маселесин каралып жатканын билдиришкен. Ошол эле күнү өлкө жетекчилигине кол салууга камынган эл аралык кылмыш өкүлдөрү кармалганы маалымдалып, алардын Азербайжандын жарандары экенин айтышкан.