Бишкекке сасык тумоого каршы вакцина келди. Эмдөө жүрүп жатат

Бишкекте сасык тумоого каршы эмдөө жүрүп жатат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Борборго Орусияда чыгарылган «Гриппол плюс» сасык тумоосуна каршы 14 миң 685 доза вакцина алынды. «Бардык үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлору тобокелге кабылган адамдарга сасык тумоого каршы эмдөө жүргүзүшөт: балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары, тез-тез ооруп жүргөн балдар, карылар үйлөрүнүн жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн адистештирилген үйлөрдүн жашоочулары. Тез жардам бөлүмдөрүндө, төрөт үйлөрүндө, реанимация бөлүмдөрүндө, алгачкы медициналык-санитардык борборлордо, үй-бүлөлүк дарыгерлерде жана 65 жаштан ашкан кары адамдарда иштеген медицина кызматкерлери да эмдөө алышат», — деп айтылат маалыматта. 

ДССУнун сунуштарына ылайык, коронавирус инфекциясына жана сасык тумоого каршы эмдөөлөрдүн аралыгы кеминде 14 күн болушу керек.