Бишкекте №145 автобус менен №192 кичи автобустун кыймылы өзгөрдү (схема)

Бишкек шаарында №145 автобустун жана №192 кичи маршруттук таксинин кыймыл чиймесинин айрым бөлүгү өзгөрдү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Мындай чечим шаар тургундарынын кайрылууларынын негизинде кабыл алынган. Мындан ары №145 автобус Ахунбаев көчөсү аркылуу Молдокулов көчөсүнө бурулуп, Куланак көчөсүнө чейин барат. Ал эми №192 кичи маршруттук таксинин кыймылы Ибраимов көчөсүнөн “Бишкек автобекетине” чейин узарды.

Мындай өзгөрүү шаардын маршруттук тармагын оптималдаштыруунун алкагында орун алды.