Милиция каза болгон жарандын тек-жайын тактоого жардам сурайт. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, ушул жылдын 6-августунда Бишкек шаарынын Айни көчөсүндөгү үйлөрдүн жанынан 30-35 жаш чамаларындагы эркек кишинин жансыз денеси табылган. Денени кароо учурунда зомбулуктун белгилери байкалган эмес. Бул факты Ленин РИИБге катталган.
Белгилери: бою 170-175 сантиметр, орто дене түзүлүштө, мурду кырдач, чачтары кара жана кыска.
Кийген кийими: боз чийиктери бар кара футболка, кара спорттук шым, бутунда көк шлепанцы.
Кимде ким, сүрөттөгү жаранды таанып-билсе, (312) 352-605, 0 (705) 450-553, 0 (553) 102-465 жана 102 номурларына байланышсаңыздар болот.
Посмотреть эту публикацию в Instagram