Бишкекте 2011-жылы туулган Дүйшөкеева Алиана Руслановна дайынсыз болуп, изделип жатат. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, 1-июль күнү Биринчи Май РИИБге кыздын атасы кайрылып, кызы дайынсыз болуп жатканын айтып, таап берүүнү сураган. Кыз ошол эле күнү Владимировская көчөсүндөгү үйүнөн чыгып, белгисиз тарапка кеткен.
Белгилери: бою 140 сантиметр, орто дене түзүлүштө, чачы кара ийинге чейин, көзү кара, бети тоголок.
Кийген кийим: чачында ободогу болгон, үстүндө футболка, шорта, бутунда жашыл түстөгү бут кийим болгон.
Сүрөттөгү кызды көргөндөр болсо, (0312) 56-60-43; (0312) 67-01-13; (0703) 10-22-61 номурларына чалсаңыздар болот.