Бишкекте 12 жаштагы Калыс мектептен чыккан бойдон дайынсыз болуп жатат

Бишкекте 2010-жылы туулган Исраилов Калыс Абдураимович изделип жатат. Бул тууралуу Октябрь РИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, ал 2-июнда саат 13:00 чамасында Рухий-Мурас жаңы конушундагы мектептен чыккан бойдон үйүнө барган эмес.

Белгилери: бою 130 сантиметр, арык, чачы кара жана кыска.

Кийген кийими: башында кара шапка, ак көйнөк, кара шым, галстук, сары спорттук кийим, ал эми бутуна кара туфли кийип жүргөн.

Сүрөттөгү баланы көргөндөр болсо, 0 (312) 54-41-84, 0 (550) 102-238, 0 (500) 87-37-07 номурларына кайрылсаңар болот.