Бишкекте 13 жаштагы Адинай Жаныбекова изделип жатат. Ал 3 күндөн бери дайынсыз

Свердлов РИИБдин кызматкерлери тарабынан 2008-жылы туулган Адинай Жаныбекова изделип жатат. Бул тууралуу аталган РИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, кыз 14-ноябрда саат 14:30 чамасында Сүйүнбаев менен Осмонкул көчөлөрүнүн кесилишиндеги үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып барган эмес. Учурда анын кайсы жакта жүргөнү да белгисиз. Бул факты Сверлов РИИБге каттоого алынып, издөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Белгилери: бою 155-160 сантиметр, орто дене түзүлүштө, чачы түз, кара.

Кийген кийими: кара куртка, жынсы, ак спорттук бут кийим.

Кимде-ким сүрөттөгү жаранды көргөн болсо, 0 555 15-03-41 номурларына же «102» кызматына кабарлап койсоңуздар болот.