Бишкекте жакындары тарабынан 13 жаштагы Мырзаайым Каниметова изделип жатат.
Маалыматка караганда, ал 14-ноябрь күнү саат 14:00дө Юнусалиев менен Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып барган эмес. Акыркы жолу саат 19:00дө байланышка чыккан, ошондон бери телефону өчүк. Ал кара пальто, кара кепка, кара шым, кара өтүк, кара рюкзак тагынып жүргөн. Белгилери: чачы кара кыска.
Изделип жаткан адам тууралуу маалыматы барларды 0707059228, 0501999676 телефондору аркылуу байланышууну суранышат.