Abank july
SerepTV Logo

Бишкекте 16 жаштагы Каролина 11 күндөн бери дайынсыз болууда

Бишкекте 16 жаштагы Каролина 11 күндөн бери дайынсыз болууда
Бааль Каролина Александровна изделип жатат. Бул тууралуу бүгүн, 28-июлда Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти. Кечээ, 27-июлда борбор калаанын тургуну милицияга кайрылган. Ал 16 жаштагы кызы Каролина дайынсыз болуп жаткандыгын билдирди. Аялдын айтымында, кызы 17-июлда түнкү саат он экилер чамасында Сыдыгалиев көчөсүндө жайгашкан жумушунан чыгып, үйүнө кайтып келген эмес. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Белгилери: Бою 160-165 см, орто дене түзүлүштүү, көздөрү көк, чачы кызылт-күрөң, узун. Кийген кийимдери: Көк түстөгү кофта, көк түстөгү жынсы бермудасы, бутунда кара бут кийим. Өзгөчө белгилери: Курсагынын астынан операциядан кийинки 6-7 см болгон тырык бар. Милиция Каролинанын жүргөн жерин билгендердин баарынан төмөнкү телефон номерлерине билдирип коюуну өтүнөт: 0 (312) 352-605, 0 (312) 444- 457, 0 (312) 352-632, 0 (553) 102-880, 0 ( 773) 909-465, 0 (551) 088-330, 0 (701) 644-403, 0 (500) 032-000, 0 (755) 579-580 жана 102.