Бишкекте адашып кеткен баланын ата-энеси изделип жатат. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти.
Бүгүн, 17-майда саат 12:00 чамасында Москва менен Үмөталиев көчөлөрүнүн кесилишинен шаар тургундары болжол менен 2-3 жаштагы баланы табышкан. Алар ошол замат адашкан баланы милицияга өткөрүп беришкен.
Учурда баланын үйүн жана ата-энесин табуу боюнча иштер жүргүзүлүп жатат. Эгерде бала же анын ата-энеси тууралуу маалымат билсеңиздер 0 (312) 352-947, 0 (312) 654-494, 0(555) 102-149, 0(502) 149-149 номурларына чалыңыздар.