Ленин РИИБдин кызматкерлери тарабынан мурда дайынсыз жоголгон жаран табылды. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти.
12-февралда Ленин РИИБге жаран арыз менен кайрылган, анда ал 11-февраль күнү 1989-жылы туулган баласы үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын билдирип, баласын таап берүүнү суранган.
23-февраль күнү саат 18:00 чамасында Ленин РИИБдин кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарынын аймагында мурда дайынсыз жоголгон жаран аман-эсен табылган.
Посмотреть эту публикацию в Instagram