Бишкекте 2 мектептин окуучулары эвакуацияланды
Бишкекте бүгүн, 20-апрелде №63 жана №67 мектептердин окуучулары эвакуацияланды.
Маалыматка караганда, имаратта бомба бар экени кабарланган. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барып, билим берүү мекемелеринин аймактарын курчоого алышкан.