8-апрелде Бишкекте Жибек Жолу проспектиси менен Коенкөзов көчөсүнүн кесилишинде курулуп жаткан үйдүн 11-кабатынан куруучу кулап кеткен.
Алган жаракатынан улам 2002-жылы туулган жигит ооруканага жетпей каза болгон. Алдын ала маалыматтарга караганда, ал окуядан бир нече күн мурда эле жумушка орношкон.
СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Биринчи Май РИИБден факты каттоого алынганын, тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталганын билдиришти. «Соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлдү. Анын жыйынтыгы менен кошумча маалымат берилет»,- деп айтылат.












