Бишкекте Насырынбеков Аман Алмазович изделүүдө. Ал 2024-жылдын 19-декабрында Тыналиев көчөсүндө жайгашкан үйдөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз. Ленин РИИБге анын атасы арыз менен кайрылган.
Амандын бою 165-170 сантиметр, бети сүйрү, көзү күрөң, чачы кара, орто дене түзүлүштө, мурду түз, кашы калың. Үстүндө кара топу, кара куртка, кара спорттук бут кийим болгон.
«Эгер сизде Насырынбеков Амандын жүргөн жерин аныктоого көмөктөшкөн кандайдыр бир маалымат болсо, төмөнкү телефон номерлери аркылуу билдирүүңүздү суранабыз:(0312) 352947, (0312) 352671 же 0705450553, 0773909465″, — деп өтүнүшөт милициядан.
Посмотреть эту публикацию в Instagram