Бишкекте 3 күн айрым көчөлөр маал-маалы менен жабылат

8-9-10-декабрь күндөрү Бишкекте өтүүчү Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына байланыштуу чет өлкөлүк делегацияларды тосуп алуу жана коштоп жүрүүдө төмөнкү көчөлөргө маал-маалы менен чектөөлөр киргизилет:

— Манас аэропортунан баштап, Бишкек шаарынын чегине чейин;

— Фучик көчөсү менен Чүй проспектисине чейин;

— Чүй проспектиси менен Фучик көчөсүнөн, Манас проспектисине чейин;

— Манас жана Чыңгыз Айтматов проспектилери менен Чүй проспектисинен тартып, Мамлекеттик резиденцияга чейин;

— Мамлекеттик резиденциядан Дооронбек Садырбаев көчөсү менен Ата-Бейит мемориалдык комплексине чейин.