«Бишкекте +30 градус». 11-августка карата өлкөдөгү аба ырайы

Эртең, 11-августта түнкүсүн тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Күндүз кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +14…+19, күндүз +26…+31,

Талас облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +24…+29,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +24…+29,

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +18…+23, күндүз +30…+35,

Нарында түнкүсүн +10…+15, күндүз +24…+29,

Бишкек шаарында өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +17…+19, күндүз +28…+30 градус болот.