«Бишкекте +35 градус». 15-августка карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Эртең, 15-августта күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +16…+21, күндүз +31…+36,

Талас облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +30…+35,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +26…+31,

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +19…+24, күндүз +32…+37,

Нарында түнкүсүн +9…+14, күндүз +25…+30,

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +19…+21, күндүз +33…+35 градус болот.