Бишкекте 43 жаштагы Тынычбек Апсатаров дайынсыз болуп жатат. Ал 6-октябрь күнү Учкун-9 жаңы конушундагы үйдөн чыгып кеткен бойдон ушул күнгө чейин кайрылып барган эмес.
«Белгилери: бою 160 сантиметр, салмагы 50 килограмм, арык дене түзүлүштө. Өзгөчө белгилери: мурду кыйшык, үстүнкү эрининде кичинекей тырык бар. Ал психикалык оору менен жабыркайт», — деп айтылат билдирүүдө.
Кимде ким сүрөттөгү жаран тууралуу маалымат билсе, төмөндөгү номурларга байланышып коюуну суранышат. Номурлар: 0555230490, 0755074720.










