Бишкекте 5 жашар бала жугуштуу оорулар ооруканасында көз жумду

Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында 5 жаштагы бала селейме оорусунан каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Мекеменин маалыматына караганда, ал 23-август күнү кечинде Токмоктогу ооруканадан жеткирилген. Анын абалы өтө оор болчу.

«Бала профилактикалык эмдөөлөрдү төрөт үйүндө гана алган, ата-энеси башка вакциналардан баш тартышкан. Апасынын айтымында, 10 күн мурун бала сол буту менен мык басып, аксап баштаган, андан кийин дене табы 38,5ке чейин көтөрүлүп, жутуу кыйындаган. Республикалык клиникалык ооруканага селейме диагнозу менен жеткирилген. Жүргүзүлгөн дарылоо жана Тез жардам көрсөтүлгөнүнө карабастан, бала каза болду», — деп белгилешти.